01

Май

2012

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Эмгек майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

1-май – биз үчүн ар дайым тилектештиктин жана эмгек майрамынын символу болуп кала берет. Эмгек - ар бир адамдын жашоодогу ажыратылгыс укугу. Ал биздин талантыбызды өстүрүү менен бардык ой-кыялдарыбызды чындыкка айлантат. Ошондой эле жалпы элди тынчтык идеясы аркылуу кесипкөйлүккө, ынтымакка, достукка чакырып, бактылуу жана бакубат жашоого үндөйт. Өлкөбүздүн туруктуу гүлдөп-өнүгүшү үчүн мамлекеттик жана коомдук институттар бардык жарандарыбызды татыктуу иш менен камсыздап, заманбап тажрыйбаларды өздөштүрүшүнө кам көрүшү керек. Кыргызстандыктар алгылыктуу эмгегинен баар таап, өлкөбүздү сыймыктана турган жаңы чектерге алып барат деп мен ишенем. Урматтуу мекендештер! Бардыгыңыздарга жаз күнүндөй жайдары көңүл, жаратмандык ишиңиздерге ийгилик,  үй-бүлөңүздөр менен жакындарыңыздарга ден-соолук жана бакубат жашоо каалайм! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                                                                  О.Бабанов