18
Май
2012
Урматтуу мекендештер! Кадырлуу энелер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан сиздерди Энелердин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Кыргызстан мындан ары май айынын үчүнчү жекшембисин Энелердин күнү катары белгилемекчи. Кыргыз Республикасынын Президентинин ушул жылдын 23-апрелиндеги Жарлыгы менен белгиленген бул күн биз үчүн эң кымбат жана ыйык болгон энелердин сүйүүсүн барктап, даңазалоого чакырат.Кыргызстандык бардык энелерге баш ийип таазим кылабыз!
Ар бирибиз үчүн эң кымбат нерсе - жарык дүйнө, жашоо эмеспи. Аны бизге энелерибиз тартуулаган. Энелер гана биздин жаркын жашообуздун жылдызын ачуу менен көксөгөн максатыбызга жетүүнүн чыйырын салып, ар тараптан колдоо көрсөтүп, тар жол-тайгак кечүүдө, ылдыйга өбөк, өйдөгө жөлөк болгон биздин куттуу тирегибиз. Эне сүтү аркылуу биз дүйнөнүн эң бир таттуу даамын татып, акыл-сезимибизди, бой турпатыбызды чыңдоо менен ушул жаркын жашоону камсыз кылууга кадам таштайбыз. Ошондуктан, энелердин алдындагы биздин ыйык парзыбыз - аларды камкордукка алуу жана аруу ой-тилектерин жүзөгө ашыруу. Биз дайыма энелерибиздин көңүлүн алып, жылуу-жумшак мамиле жасашыбыз керек. Кайсы куракта болбойлу, баары бир энелерибиз үчүн бала бойдон кала берет эмеспизби. Бул ыйык милдет ар бир кыргызстандыктын жүрөк толтосунда түбөлүккө орун алууга тийиш. Энелерибизди кандай сыйлап-урматтасак, балдарыбыздан да ошондой сый көрөбүз. Эне деген улуу, ыйык сөз - биздин түбөлүктүү жашообуздун бүтпөс темасы. Кыргызстанда эненин орду эч нерсеге алмаштыргыс ыйык образ болуп калса деп тилейм. Үй-бүлөдөгү коломто отун түбөлүк жандырып, баарына аруулук тартуулап колдоочу периште болгон аялзаты - бул баарыбыздын энелерибиз. Аялзаты - азаттыктын, туруктуулуктун, нарктуулуктун, айкөлдүктүн жана ынтымак менен тынчтыктын кенчи. Энелердин коопсуздугун жана бакубатчылыгын камсыз кылуу, үй-бүлөнү колдоо, аялдардын бардык тармактагы мүмкүнчүлүктөрүн ачуу азыркы экономикалык саясаттын негизин түзөт. “Бешикти терметкен кол дүйнөнү башкарат” - бул сөз сиздерге арналган, урматтуу кыргызстандык энелер! Мен сиздерге энелик мээримиңиздер, талыкпаган эмгегиңиздер үчүн чын ыкласымдан терең ыраазычылык билдирем. Ар дайым сиздердин жүрөгүңүздөр адамзатка жылуулук, сүйүү тартууласын! Сиздердин дарегиңиздерге күн сайын жылуу сөздөр айтылып, ар бир күнүңүздөр майрам менен коштолсун! Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм! Арыбаңыздар, биздин кымбаттуу энелер! Баарыңыздарга баш ийип таазим кылабыз! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө. Бабанов