22
Июнь
2012
Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер! Кымбаттуу кесиптештер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Мамлекеттик кызматкерлердин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Азыркы шартта мамлекеттик кызматкерлердин ишмердигинин маанисин жана өзгөчө коомдук ролун башкача баалоо кыйын. Белгилүү болгондой, кайсы өлкө болсо да анын келечеги жана ийгиликтүү өнүгүшү көбүнчө мамлекеттик кызматчылардын натыйжалуу ишине, алардын жеке жана моралдык сапаттарына жараша болот. Мамлекеттик башкаруу системасынын ишин үзгүлтүксүз камсыздоочу эмгектин сабаттуу уюштурулушу – татаал социалдык-колдонмо илим, мында профессионалдык, турмуштук сыяктуу эле жаңыча мамиле жана чечим өтө маанилүү. Бул өзгөчө бизге тиешелүү. Бүгүн биз турмуштун бардык чөйрөсүндө терең реформаларды жүргүзүп, мамлекеттик кызматтын кадрдык курамын атаандаштык негизде ачык демократиялык конкурстарды өткөрүү менен жаңылап жатабыз.Коррупциялык, туугандык байланыштардын болушун толук жокко чыгаруучу, мамлекеттик кызматка жаңы ой жүгүртүүсү жана билими бар келечектүү жаш заманбап менеджерлерди тартууну караган Кыргызстандын мамлекеттик кызматынын бүткүл системасын сапаттуу өзгөртүүгө комплекстүү ыкма анын кадыр-баркынын өсүшүнө өбөлгө болот деп ишенем.
Урматтуу кесиптештер!
Мамлекеттик кызматтын маңызы жөнөкөй – өз элине ак ниет жана адал кызмат кылуу, алар көрсөткөн ишенимди актоо жана элдин учурдагы кызыкчылыктарын турмушка ашыруу. Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлери Ата Мекендин кайра жаралышына жана гүлдөп-өсүшүнө өз салымдарын кошуп жатышат деп ишенимдүү айта алам. Анткени, бакубат жашоого жетүүгө багытталган жалпы улуттук долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруунун, коомду жана мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн ийгилиги ар бирибиздин ишибизге жараша болот эмеспи. Мамлекеттик кызматтын бардык ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирип койгум келет. Сиздерге, кымбаттуу кесиптештер, чын жүрөгүмдөн бекем ден-соолук, тынчтык, ынтымак, бакты-таалай, кызматтык өсүш жана кесипкөйлүгүңөрдүн мындан ары да арта беришин каалайм. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ө.Бабанов