16

Июнь

2012

“Урматтуу суу чарба кызматкерлери! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Белгилүү болгондой, суу – бул өмүр булагы. Биз үчүн ал экономикабызды көтөрүүгө жана динамикалуу өнүктүрүүнү камсыздоодо ишенимдүү байлык да болуп берет. Анткени, Кыргызстан ушул стратегиялык продуктуга абдан бай. Ушуга байланыштуу Сиздер аткарып жаткан иштер фундаменталдуу мааниге ээ. Өлкөбүздүн калкынын жарымынан көбү айыл чарбасында, анын ичинде дыйканчылыкта иштейт эмеспи. Ошондуктан, себүү аянттарын сугаруу үчүн үзгүлтүксүз суу берүү мол түшүм алууда чечүүчү мааниге ээ болот. Эгемендиктин жылдарында мамлекет тарабынан мелиорация жана ирригациялык тармактарды өнүктүрүү проблемаларына, дыйкан чарбалары менен өз ара иштешүүнүн натыйжалуу механизмдерине жана суу чарба кызматкерлеринин иштөөсүнө татыктуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулбай келген. Жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү жеткиликсиз көлөмдө болуп, масштабдуу курулуш иштери дагы жүргүзүлгөн эмес. Бирок, азыркы кезде абал түп-тамырынан бери өзгөрүүдө. Суу чарбасын кайра жаратуу жана комплекстүү өнүктүрүү биз үчүн өтө эле зарылдыгын азыркы кезде коом жана мамлекет түшүнүп калды, анткени өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүү кыйла деңгээлде суу чарбасын өнүктүрүүгө жараша болот. Урматтуу суу чарба кызматкерлери! Ушул майрам күнү Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык жана бардык ийгиликтерди каалайм! Биз чогуу аракеттенүү менен гана бардык оорчулуктарды жеңе алабыз жана атүгүл эң эле татаал милдеттерди да аткара алабыз деп ишенем!”.