17

Февраль

2012

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Каржы полициясынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан  сиздердин кесиптик майрамыңыздар болгон Кыргыз Республикасынын Каржы полициясынын кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү күндө Өкмөт республиканын аткаруу бийлигин түп-тамырынан бери реформалоодо. Каржы полициясын реформалоо мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык кылмыштардын алдын алып, аларга бөгөт коюуга багытталган. Коррупция менен күрөшүү Каржы полициясынын ишмердүүлүгүнүн өзөгү болууга тийиш. Коррупциялык схемалар мамлекеттин, жарандардын кызыкчылыктарына карама-каршы келет. Алар коомдук мамилелерге терс таасирин тийгизип, элдин бийликке болгон ишенимине доо кетирүү менен экономикалык категориядан саясий  маселеге да айланып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, Каржы полициясына коррупциясыз татыктуу жашоону камсыздоодо өзгөчө роль таандык. Бизге заманбап, мобилдүү жана натыйжалуу Каржы полициясы керек. Каржы полициясынын кызматкерлери кесибине берилгендигине, жарандар менен бизнес-коомчулуктун колдоосуна таянуу менен алдыда турган милдеттерди татыктуу аткарат деп ишенем. Каржы полициясынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине чың ден-соолук, иштерине ийгилик жана бакубат жашоо каалайм! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри   Ө.Бабанов