20

Март

2012

 Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Бул күнү жерибизди жамандыктан аластап, элибизге береке-кут тилейли! Бабалардан калган Улуу майрам өлкөбүзгө тынчтык жана токчулук алып келсин! Миңдеген жылдар тарыхы бар элибиз бул майрамды айкөлдүктүн жана ынтымактын майрамы деп белгилешет. Себеби, Нооруз майрамы – бардык элдерди достукка, ишенимге жана биримдикке чакырат. Бул күнү Жер-энебизде жаш бүчүрлөр ачылып, жан-дүйнөбүздө да жаңылануу башталат. Ошондуктан, элибиз Нооруз майрамын жылдын башаты катары жакшы маанай менен тосушат. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе - өлкөбүз өнүгүү жолунун жаңы кадамдарына багыт алды. Келечектеги чоң ийгиликтерге жетиш үчүн экономиканын бекем пайдубалын түзүп жатабыз. Ушул максатта Өкмөттүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасы кабыл алынган.  Биз быйылкы жылы "100 күнгө" эсептелген Иш-аракеттер планы менен иштеп баштадык. Программадагы системалык реформалар социалдык-экономикалык тармактардын натыйжалуу иш алып баруусуна шарт түзөт. Мындай кадам өлкөнүн кыска аралыктагы өнүгүүсүнө жол ачып, маданият жана билим берүү системасын жаңы мейкиндиктерге алып чыгат!

Урматтуу мекендештер!

Нооруз күнү баарыбыз аруу тилек менен сүмөлөк жасап, келечек үчүн асыл максат коелу! Бул күнү баарыбыз өткөн иштерге кечиримдүү карап, бири-бирибизге кайрымдуу бололу! Ошондо гана турмуш өз нугу менен уланып, бакубат жашоого багыт алабыз. Бардык майрамдардын көркү болгон ак сакалдуу аталар менен ак элечек энелер ар дайым төрүбүздө отурсун! Жараткан өзү колдоп, жаштарыбызга ыйман берсин! Үй-бүлөдө ден-соолук, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!