01

Ноябрь

2012

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Өз өмүрлөрүн жана ишмердигин толук бойдон жалпы жарандарыбыздын бейпил жашоосуна, өлкөбүздүн коопсуздугуна, тартип сакчылыгына арнашкан адамдар катары, сиздердин каарман эмгегиңиздер зор урмат-сыйга татыктуу.

Мыйзамдуулуктун сакталышы, жарандарыбыздын укуктарынын мыйзам чегинде корголушу милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердиги менен тыгыз байланышта турат. Мындай жооптуу милдеттин жүгүн аркалоо азыркы катаал социалдык-экономикалык шарттарда мурдагыдан да оор экендиги жалпыга түшүнүктүү. Арийне, бул тармакта өз кесибин сүйүшкөн жана ишине чындап берилишкен нагыз профессионал адамдар эмгектенишкендиктен, учурдагы ар кандай курч маселелер өз учурунда жана тиешелүү деңгээлде чечилип жатат.

Күжүрмөн милиция кызматкерлерибиз күнүмдүк турмуш-тиричиликтеги тартип бузуучулуктан баштап, ашынган кылмыштуулукка дагы бөгөт коюшуп, өлкөбүздөгү криминогендик кырдаалды өз көзөмөлүнөн чыгарбай кармап турушат. Бул үчүн аларга жеке өзүмдүн жана өкмөттүн атынан терең ыраазычылык билдиремин.

Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге чың ден-соолук, кажыбас кайрат жана үй-бүлөлүк бакыт каалаймын!

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиев