22

Ноябрь

2012

Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер!

Сиздерди прокуратура органдарынын кызматкерлеринин Күнү менен куттуктаймын!
Коомчулук мыйзамдуулуктун жана укук-тартиптин сакталышына кошуп жаткан салымыңыздарды жогору баалайт. Жарандардын укуктарынын корголушу, коомдук, мамлекеттик кызыкчылыктардын сакталышы Сиздердин ишмердигиңиздердин натыйжасына түздөн-түз байланыштуу.

Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин басымдуу бөлүгү компетенттүүлүгү, чынчылдыгы жана өз иштерине чын дилдеринен берилгендиги менен айрымаланып турушат. Өз өмүрлөрүн мыйзамдуулукка кызмат кылууга арнашкан адамдардын чынчылдыгы, принципиалдуулугу, профессионалдуулугу эч качан шек туудурбашы керек.
Адамдардын акыйкаттыкка жана мыйзам алдында баары бирдей экендигине болгон ишеними Сиздердин күндөлүк иш-аракеттериңиздердин жыйынтыгы менен тыгыз байланышта турат.

Азыркы кезде Сиздер уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүп жатасыздар. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине таандык болгон эң мыкты сапаттар, - мыйзам бузуучулукка, кылмыштуулукка карата келишпес мамиле кылуу, мыйзамдуулукту сактоодогу туруктуулук Сиздерге кыйын кырдаалдарда көмөкчү болуп, өз максатыңыздарга жете аласыздар деп ишенемин.

Урматтуу прокуратура органдарынын кызматкерлери жана ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге чың ден-соолук, бакыт жана түйшүктүү ишиңиздерде жаңы ийгиликтерди каалаймын!

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиев