07
Декабрь
Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоберүү кызматкерлери!
Урматтуу теле- жана радиожурналисттер!
Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Биздин өлкөнүн жана мекендештерибиздин жашоосунда телекөрсөтүү менен радиоберүүлөрдүн мааниси абдан чоң. Сиздер адамдарга эң эле маанилүү окуялар тууралуу биринчи болуп кабарлайсыздар. Биздин бардык мекендештерибиз кайда жашашса да, кайсыл аймактарда жүрүшсө да, Сиздер аркылуу эң зарыл маалыматтарды алып турушат.
Дагы бир жагымдуу жагдай, эгемендик жылдарда телекөрүүчүлөргө жана радио угуучуларга ар түркүн мазмундагы берүүлөрүн тартуулашкан, ар түрдүү багыттагы жана ар кандай формадагы теле- жана радиостудиялар көбөйдү. Мекендештерибизде ушундай кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендиги кубандырат. Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздердин натыйжасында, кыска кабарлардан баштап, бардык телекөрсөтүү жана радио берүү программалары даярдалат. Сиздер жараткан берүүлөр жамааттык чыгармачылыктын жемиши болуп саналат. Журналисттер, режиссерлор, теле- жана радиооператорлор жана башка көптөгөн адистер бир идея үстүндө чогуу иштешип, өз аудиторияларынын талаптарын канааттандырууга умтулушат.
Урматтуу телекөрсөтүү жана радиоберүү кызматкерлери! Урматтуу теле- жана радиожурналисттер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, чың ден-соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалаймын!
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Ж. Сатыбалдиев