05

Октябрь

2012

Кымбаттуу мугалимдер! 

Кадырман педагогдор жана окутуучулар! Күз берекесин төгүп турган ушул айдын биринчи жекшембисинде өлкөбүздө мугалимдер күнү белгиленет. Бул күн – ар бирибизди билим дүйнөсүнө жетелеген агай, эжейлердин майрамы, өзгөчө ардактуу күн.

“Мугалим – мөмөлүү дарак” дейт элибиз. Жаш муундарга таалим-тарбия, илим-билим берүүдө мугалимдин орду опол тоодой. Заңгыраган жаңы мектеп куруп, класстардын баарына Интерактивдүү доска коюп, заманбап эмеректер жана жабдуулар менен ичин толтуруп койсо болот. Бирок анда иштеген мугалим чабал болсо, тарбия, билим берүү да начар болот. Мугалим бүт өмүрүн сүйгөн кесибине арнап, өспүрүмдөргө татыктуу тарбия, терең билим берүүнүн үстүндө талыкпай эмгектенсе, биздин келечегибиз болгон татыктуу уул-кыздар өсүп-жетилет.

Чыныгы мугалим болуш үчүн өтө сезимтал, тамырчы, акылман, чыгармачыл, кеңири ойлонгон адам болуш керек. Мугалим – окуучуга үлгү, устат, жардамчы, ата, эне, дос, колдоочу. Ошондуктан мамлекет жана коом бул түйшүктүү, татаал, бирок, асыл кесиптин ээлерине миң мертебе ыраазы болуп, аларды ар тараптан колдоого алышы зарыл. Мугалимдердин социалдык макамын жогорулатып, алардын турмушундагы көйгөйлүү маселелерди чечип, иштөө үчүн мыкты шарттарды түзүү – биздин милдетибиз. Өткөн жылы бул багытта чоң кадам жасалды: билим берүү чөйрөсүндө эмгектенишкен мугалимдердин жана окутуучулардын айлык маяналары 2-3 эсеге жогорулатылды. Бул туура жана керектүү чечим болду.

Азыркы кезде республиканын аймактарында жаш мугалимдерди социалдык жактан колдоо боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өзүн өзү башкаруу органдары турак жай куруу үчүн мугалимдерге жер бөлүштүрүп, жаш мугалимдердин үй-бүлөлөрүнө колдон келишинче жардам беришүүдө. Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жана педагогдордун бийик социалдык статусун камсыз кылуу мындан ары да мамлекеттик саясаттын эң башкы максаттарынын бири болуп кала бермекчи. Урматтуу педагогдор, кымбаттуу мугалимдер!

Мугалимдик кесиптин барк-баасы мурдагыдай деңгээлге жетип, агай, эжейлердин көңүлү өсөөр күн алыс эмес. Мугалимдерди ардактап алуу ар бирибиздин ишибиз.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Бар болгула, агай, эжейлер, бүгүнкү күндүн Дүйшөндөрү! Премьер-министр Кыргызской Республики Ж. Сатыбалдиев