04

Декабрь

2012

 Урматтуу мекендештер!

Коомдун моралдык-нравалык деңгээли биринчи иретте калктын социалдык жактан коргоого муктаж жарандарына карата жасаган мамилеси менен өлчөнөт. Майыптардын Эл аралык Күнүндө боорукердик жана муктаж адамдар жөнүндө кам көрүү элибиздин кылымдардан берки сакталып келе жаткан мыкты сапаты экендиги дагы бир жолу эске түшөт. Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн кам көрүү, Өкмөттүн  дайыма көңүл чордонунда турат деп ишендире аламын.  Азыркы күндө Республикабызда 142,5 миң ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар жашайт. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуучулардын саны 54,9 миң адамга барабар. Азыркы учурда Өкмөт 2013-2018-жылдар ичинде Майыптардын укуктарын камсыз кылып, жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралардын планын иштеп чыгууда. Ал эми кабыл алынган 2012-2014-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Стратегиясында “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды социалдык коргоо” деп аталган атайын бөлүм бар. Өкмөт аны ишке ашыруу үчүн конкреттүү иш-чараларды жүргүзүп жатат. Урматтуу мекендештер! Сиздерге майтарылбас кайрат, алдыга койгон максатыңыздарга жетүүнү, өз мүмкүнчүлүгүңүздөргө болгон бекем ишеничти жана илдетке каршы күрөшүүдө күч-кубатты, оптимисттик маанайды, жакындарыңыздардын жана башка бардык адамдардын колдоосун сезип, бакубат турмушта, бактылуу жашоону каалаймын! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                   Ж.Ж.    Сатыбалдиев