15
Октябрь
Урматтуу айымдар!
Сиздерди элеттик аялдардын эл аралык Күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Жер шарында жашаган калктын төрттөн бирин элеттик аялдар түзөт. Ал эми Кыргызстанда айылда жашаган аялдар калктын жалпы санынын үчтөн биринен ашат. Мына ушунун өзү бүгүнкү майрамдын мааниси канчалык чоң экендигин тастыктап турат.
Биздин айымдар айылдын өнүгүшүндө чечүүчү ролду ойношот. Бүгүн алар коомубузда жигердүү позицияны ээлешип, бардык кыйынчылыктарга карабастан өз ара жардам берүүчү топторго биригишүүдө, дыйканчылык кылып, мал багышууда, улуттук буюмдарды жасоочу кичи ишканаларды ачып, айылдык ишкердиктин жаңы түрлөрүн ойлоп таап, өздөштүрүшүп жатышат.
Кийинки жылдары мамлекет айылдыктардын жашоо шарттарын жакшыртып, алардын эмгектенүүсү жана эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана татыктуу билим берүү үчүн колдон келген аракеттерди көрүүдө. Бирок айылда жашоо жана иштөө оор жана социалдык шарттар начар бойдон калууда. Ошондуктан элеттик аялдардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү кийинки учурда калыптанып калган терс көз караштарды өзгөртүп, элетте жашаган айымдарды иш менен камсыз кылуу жана алардын жашоо шартын жакшыртуу маселелери ар дайым Кыргыз Өкмөтүнүн көңүл борборунда болот.
Биз фермер-айымдарга, фермерлердин, айылдык ишкерлердин аялдарына, айыл чарбасында, жергиликтүү жана аймактык бийлик тутумдарында, айылдык ооруканаларда, мектептерде жана башка тармактарда иштеген айымдарга миң мертебе ыраазычылык билдиребиз. Сиздер ак эмгегиңиздер менен элеттин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп жатасыздар.
Мен Кыргызстандын асыл зат айымдары мындан ары да экономикалык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, өлкөбүздө тынчтыкты, ынтымакты жана туруктуулукту сактоого татыктуу салым кошо берерине терең ишенем.
Баарыңыздарга бакубатчылык, соолбос сүйүү, чексиз мээрим жана ар бир үй-бүлөгө ырыс-кешик, зор бакыт каалаймын!
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев