20
Июнь
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевтин Суу чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктоосу
Урматтуу суу чарба кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Суу чарба кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
Кыргызстандын суу чарба адистери республикада жүрүп жаткан айыл чарбасын реформалоо багытында ийгиликтүү иштерди жүргүзүүдө. Натыйжада, жаңы суу баскан айдоо аянттары өздөштүрүлүп, иштеп жаткан ички чарбалык маанидеги жана мамлекеттин карамагындагы суу чарба объектилери калыбына келтирилүүдө. Бул мамлекеттин азык-түлүккө болгон көз карандыcыздыгын камсыз кылууда башкы ролду ойнойт.
Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жаңы жерлерди өздөштүрүү жана сугат жерлерди суу менен камсыз кылуу, мелиорациялык абалын жакшыртуу багытында да алгылыктуу эмгектенип келесиздер.
Суу чарба объектилерин куруу жана реабилитациялоо максатында чет мамлекеттерден инвестициялар тартылып, жаңы техникалар алынууда. Кыргыз Өкмөтү суу чарба тармагында эмгектенген мамлекеттик эмес кызматкерлердин айлык акыларынын төмөндүгүн эске алуу менен 2015-жылдын 6-апрелиндеги №197 токтомунун негизинде эмгек акыларды жогорулатты. Бул да Мамлекеттин суу чарба тармагында эмгектенген кызматкерлерге көргөзгөн камкордугу.
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ар бириңиздерге чың ден-соолук, ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Элибизде дайыма тынчтык жана бакубатчылык болсун!
Премьер-министр Т.А.Сариев