24

Октябрь

2012

Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу достор!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын дипломатия кызматкерлеринин Күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

Кыргыз дипломатиясы өнүгүүнүн жаңы баскычында турат. Быйылкы жыл Мекенибиздин тышкы дипломатиясы үчүн бурулуш жыл болду. Өлкөбүзгө Россия жана Казакстан мамлекеттеринин жеткечилеринин расмий иш сапар менен келиши, Кыргызстандын Түрк Кеңешинде жана Шанхай Кызматташтык Уюмунда төрагалык кылышы республиканын тышкы саясат  ведомствосунун  жетилгендигин, Кыргыз мамлекетинин мурда жетишилген келишимдерди аткарууда жана чет элдик өнөктөштөр менен мамиле кылууда так экендигин дагы бир жолу далилдеди.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин аракеттери бүгүн өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү жолуна түшүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана эл аралык мамилелерде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого багытталууга тийиш. Чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жатышкан биздин жарандардын жана мекендештердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо артыкчылыктуу багыт бойдон калат.

Кыргыз дипломаттарынын улуу муунуна мүнөздүү болгон мекенчилдик, ишке берилгендик, граждандуулук жана өз Мекенине ак кызмат кылуу сапаттары бардык дипломатия кызматкерлери үчүн үлгү болушу керек.

Кыргыз Өкмөтү республиканын тышкы иштер Министрлигинин мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүүгө максималдуу көмөктөшүүгө даяр. Министрликтин бардык кызматкерлерине жана Кыргыз дипломатиясынын ардагерлерине бакубатчылыкты жана Мекен кызматында жаңы жетишкендиктерди каалаймын.

Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри                                                         Ж. Сатыбалдиев