15
Ноябрь
2012
Урматтуу айыл чарба азык-түлүктөрүн
кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!
Сиздерди айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлеринин Күнү менен куттуктаймын! Үстүбүздөгү жыл өлкөбүздүн агрардык сектору үчүн татаал болсо да, жемиштүү ийгиликтер жаралды. Өкмөт айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү өнөр жай кызматкерлери менен бирге бул тармакта жакшы ийгиликтерге жетишүүгө умтулууда. Эгин түшүмү мол болуп, мал-чарбачылыгында, кайра иштетүүчү өнөр жайда көрсөткүчтөр жогоруласа, келечекке ишенимдүү карап, алдыга жаңы чоң милдеттерди коё алабыз. Айыл чарбасында, азык-түлүк жана кайра иштетүү өнөр жайында жакшы жыйынтыктарга ээ боло баштадык. Айыл чарбасынын негизги продукцияларын өндүрүү көбөйүп, инвестициялык долбоорлор ишке ашып жатат, фермерлерибиз жаңы жетишкендиктерди багындырып жатышат. Айыл жергесиндеги турмуш деңгээлин көтөрүү, экспортту өстүрүү, айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдө кирешени жогорулатуу, - өкмөт жүргүзүп жаткан социалдык-экономикалык саясаттын негизги максаты болуп саналат. Мындан ары да кесипкөйлүк бай тажрыйбаңыздар, дыйканчылыктын мээнеткечтик салттарын бекем сактоо, туулган жерге карата сүйүп мамиле кыла билүү сыяктуу сапаттарыңыздар Сиздердин абдан маанилүү жана керектүү ишиңиздерди мыкты аткарууга көмөкчү боло берет деп ишенемин! Сиздерге чын дилимден чың ден-соолук, бардык жакшылыктарды жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалаймын! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж. Сатыбалдиев