07
Январь
Урматтуу мекендештер!
Кыргызстан Православ Чиркөөсүнүн кадырман өкүлдөрү!
Өлкөнүн православдык христиандарын Рождество майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Жарык маанай, жакшы ниет менен жуурулушкан бул майрам бизди ички тазалыкка, көтөрүмдүүлүккө, бири-бирибизге күйүмдүү болууга үйрөтүп, келечекке ишенимдүү кароого чакырат!
Православиенин биздин жергебизге келгенине 140 жыл болду. Бул жылдардын ичинде Кыргызстандын христиандар коомчулугу өлкө турмушуна толук интеграцияланып, жалпы элибиздин ажырагыс бөлүгүнө айланды. Азыркы кезде Орус Православиеси мамлекеттин колдоосуна ээ. Ошондуктан биздин өлкөбүздө мусулмандардын да, православдардын да майрамдары кеңири белгиленет.
Эркиндиктин, демократиянын жана жаратман эмгектин жолунда бараткан Кыргызстан эли бүгүн коомдук өнүгүштүн жаңы, мурдагыдан татаалыраак, бирок, ошол эле мезгилде өтө кызыктуу мезгилин башынан кечирип жатат. Ал эми ар түрдүү маданияттардын жана цивилизациялардын диалогу сүйүктүү өлкөбүздүн өнүгүшүнүн маанилүү фактору болуп эсептелет. Эң башкысы, журт ичинде биримдик, ынтымак-ырашкерлик болсо, алдыга коюлган асыл максаттарга сөзсүз жетебиз!
Рождество – аруу ниеттердин жана жакшы жөрөлгөлөрдүн башаты.
Бул майрамдын жарыгы ар дайым баарыбызды коштоп, биздин өз күчүбүзгө, келечекке болгон ишенимибизди арттырып, кубаныч жана ийгилик тартууласын! Рождество майрамыңыздар менен!