25

Октябрь

2012

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!

Сиздерди мусулмандардын ыйык майрамы болгон Курман айт менен чын дилимден куттуктаймын!

Тарыхы миң жылдан ашкан Курман айт майрамы адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөп келген. Бул майрамдын келишин мусулмандар ар дайым чыдамсыздык, кубаныч менен тосуп алышат. Курман айт күнү биз өлкөбүздө жашаган ар улуттагы мекендештерибиздин биримдигин, ынтымагын, Мекенибиздин гүлдөп-өсүшүн тилейбиз.

Курман айтты үй-бүлөбүз, жакын туугандарыбыз, жоро-жолдошторубуз, кошуна-колоңдорубуз менен бирге майрамдап, бул күндү жаркын маанай, ак көңүл менен өткөрөлү. Курман айт күндөрү муктаждыгы бар мекендештерибизге көңүл буруп, аларга жардам берели. Бул майрам элибиздин ынтымагына, улуттар арасындагы достукка данакер болсун.

Ушу тапта ыйык Меккеде төрт миңден ашуун мекендештерибиз ажылык парзын аткарып жүрүшөт. Биз алардын Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишине тилектешпиз.

Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулмандар!

Айтыңыздар маарек болсун! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалаймын!

Мекенибизде ынтымак-ырашкерлик орноп, элибиз тынчтыкта жана молчулукта жашасын!

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                                        Ж. Сатыбалдиев