07

Ноябрь

2013

Урматтуу басма сөз кызматкерлери!

    Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Кыргызстан массалык маалымат каражаттары эркин мамлекет катары чоң кадыр – баркка ээ. Кыргыз журналисттери мамлекеттин  бардык катмарына өз көз карашын эркин билдирип, андагы жүрүп жаткан процесстерди ачык – айкын чагылдыруу менен коомдук пикирди жаратууда өзгөчө роль ойнойт. Журналистика Кыргыз Республикасында коомдук турмушка зор таасир этүүчү күчкө эгедер. Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган ой – пикир, көз караштар менен саясатчылар да, бийлик өкүлдөрү да, карапайым эл да эсептешет, анткени – анда коомдун уюткулуу маселелери айтылат. Бул процесс атамекендик басма сөзгө маалыматтын күчү менен элдик пикирди жаратууга, ачык – айкын саясатты жүргүзүүгө өбөлгө жаратууда. Журналистика мезгилдин күрөө тамырын чагылдыруу менен өлкөбүздүн башкы демократиялык дөөлөтү – сөз эркиндигин чыңдоого, аны өркүндөтүүгө эбегейсиз салым кошуп келет. Бүгүн сөз эркиндигинин, ой эркиндигинин, көз караш эркиндигинин, жан – эркиндигинин майрамы. Анткени, эркин ой – жүгүртүү гана эркин жашоого негиз жаратат. Мына ушул  сиздер үчүн ыйык күндө, кесиптик майрамыңыздар белгиленип жаткан бул күнү -  Өкмөттүн атынан жана жеке өзүмдүн атыман  басма сөз  күнү менен куттуктайм. Ошондой эле Сиздердин журналисттик коомчулукка айткым келет; биз сиздер айткан ойлорго өтө көңүл коюу менен мамиле жасап, сиздер көтөргөн проблемаларга ыраазычылык билдиргибиз келет. Анткени, сиздер биздин коомдогу орчундуу маселелердин түйүнүн көтөрүп келесиздер. Сиздерге профессионалдык өсүүнү, сөзгө болгон кесиптик жоопкерчиликти каалайм, себеби сиздер жазган макалалар коомдо  кеңири резонанс гана жаратпастан, ал эң оболу өлкөбүздүн жашоосун жакшы жакка бурууга жардам берет. Майрамыңыздар менен! Кыргыз Республикасынын Премьер – министри                          Ж. Сатыбалдиев