09

Ноябрь

2013

Урматтуу окумуштуулар!

Жыл сайын, 10-ноябрда, Кыргызстандын илимий коомчулугу Илим күнүн белгилейт.

Биздин өлкөнүн илимий дүйнөсү учурда кыйын кезеңди башынан кечирүүдө. Бирок, мамлекет менен окумуштуулардын аракети аркасында республиканын илимий-техникалык мүмкүнчүлүгү, жетектөөчү илимий мектептер, фундаменталдуу жана прикладдык  изилдөөнүн айрым багыттары сакталып калды.

Биздин республиканын чектелүү жаратылыш ресурстарынын шартында, илим өндүргүч күчкө ээ болуп, ал эми биздеги илимий-техникалык мүмкүнчүлүк өлкөнүн экономикасынын атаандаштыгынын чечүүчү фактору болуусу абзел. Ошол себептен, илим Кыргызстандын өнүгүүсү жана жаңылануусу үчүн жана мүмкүнчүлүгүн өстүрүү багытын алуусу керек.

Турмуш бизден академиялык, жогорку окуу жайындагы жана тармактык илимдин акыл-эстүү, сарамжалдуу алакалашуусун талап кылууда. Бизге салттарыбыз менен жетишилген ийгиликтердин негизинде жаңы ойлор, илимди жакшыртуу багытындагы пикир алышуу зарыл.

Кыргызстандык окумуштуу, илимпоздорду кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт, бакубаттуулук жана кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн жаңы чыгармачылык бийиктиктерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри                                         Ж.Сатыбалдиев