04
Октябрь
2013
Ардактуу мугалимдер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын ниетимден куттуктайм! Мугалим – билим башаты жана тарбиячы катары эзелтен эле өзгөчө бааланып келген. Ата-мекендик, элдик жана дүйнөлүк маданиятты доордон доорго, муундан муунга мезгил закымы аркылуу алып өтүүдө мугалимдин ролу өтө зор экендиги талашсыз. Жаңы коомдун курулушу да көп жагынан билим берүү системасынын натыйжалуу иштешине байланыштуу. Ошондуктан, окуучуларда сынчыл көз-карашты, аналитикалык ой-жүгүртүүнү калыптандыруу, аларды өз алдынча билим алууга үйрөтүү жана мезгилдин ыкчам ыргагынан артта калбоого жетиштирүү – учурдун эң зарыл талабы. Сиздер жаш муундарыбызга кандай билим берип, аларга кандай таалим-тарбия көрсөтсөңүздөр өлкөбүздүн эртеңи да ошондой болот. Педагог аркылуу биз дүйнө тааныйбыз, келечек жашоого жолдомо алабыз. Андыктан, мамлекетибиздин болочогу кандай болоору чындыгында да бүгүн Сиздерден да көз каранды экендигин, урматтуу мугалимдер, жакшы түшүнөсүздөр деп ишенем. Билим берүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашыруу, мугалимдерди социалдык жактан камсыздоо, педагогдун статусун мындан ары жогорулатуу сыяктуу маселелер ар дайым Өкмөттүн көңүл борборунда болмокчу.Урматтуу эл агартуу тармагынын өкүлдөрү!
Дагы бир жолу өлкөбүздүн жалпы педагогикалык жамаатын бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Кыргыз Республикасынын татыктуу жарандарын тарбиялоодо жаңыча жана чыгармачыл жигер менен ийгиликтүү иш алып барышыңыздарга тилектештигимди билдирем. Баарыңыздарга ден-соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев