18
Октябрь
2013
Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюз тармагынын кызматкерлери,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар - социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!
Калктын эң бир аялуу катмары болгон социалдык тармак - мамлекеттик саясаттын эң бир талылуу жана өтө татаал бөлүгү экендиги баарыбызга маалым.
Сиздердин күч-аракетиңиздер коомдо эмгекке деген сый урматты, адамгерчиликти, боорукерликти жана кайрымдуулукту ыйык туткан нускалуу каада-салттарды кайра жандандырууга багытталганын элибиз жакшы билет. Кыргызстаныбызды мындан ары да жаңылап өстүрүп-өнүктүрүүдө сиздердин өтөй турган кызматыңыздар жана салымыңыздар салмактуу болооруна биз толук ишенебиз. Социалдык чөйрөдө иштегендердин жашоо жана иштөө шарттарын жакшыртуу аркылуу Өкмөт социалдаштыруу багытын дагы да уланта бермекчи.
Сиздерге, социалдык тармактын жана профсоюздар кызматкерлерине дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирип, чың ден соолук, кажыбас кайрат жана ары жооптуу ишиңиздерде албан-албан ийгиликтерди каалайм!
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев