25

Октябрь

2013

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жол жана автотранспорт тармагынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Автомобиль транспорту жана жол чарбасы кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм.

Сиздердин аракетиңиздердин натыйжасында жыл сайын ондогон километр жол салынат, көпүрөлөр, туннелдер курулат, жүргүнчү жана жүк ташууну өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттар камсыз кылынат, бул болсо өлкөнүн экономикасынын жана жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүнүн иштешине өбөлгө түзөт.

Региондордун транспорттук жетишкендиги жана биздин миллиондогон жарандарыбыздын социалдык бакубаттыгы сиздерге түздөн-түз көз каранды, анткени Кыргыз Республикасында пайдаланылуучу транспорттун негизги түрү автомобиль транспорту болуп эсептелет. Биз сиздер менен көптөгөн маселелерди бирдикте чечишибиз керек жана мен пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан коюлган максаттарга жетээрибизге ишенем. Өкмөт ушул чөйрөгө өзгөчө көңүл бурат.

Тармактын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин өз кесибиңиздерге берилгендигиңиздер, ишке жооптуу мамиле жасагандыгыңыздар жаштар үчүн татыктуу мисал болуп эсептелет.

Сиздердин кайратман эмгегиңиздерге терең ыраазычылык билдирем, сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо-турмуш, өтө оор, бирок эл үчүн керектүү ишиңиздерге жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди каалайм. Премьер-министр                                         Ж. Сатыбалдиев