19

Февраль

2013

Урматтуу каржы полиция кызматкерлери жана ардагерлер! Сиздерди Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден каржы полиция органдарынын кызматкерлеринин Күнү менен куттуктаймын! Быйыл Кыргыз Республикасынын каржы полициясы түзүлгөн күнүнө 20 жыл толду. Бул мезгил бою каржы полиция органдары өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү үчүн натыйжалуу иштеп келе жатат. Каржы полиция органдарынын кызматкерлери экономика тармагындагы укук бузууларга каршы келишпестик менен күрөш жүргүзүп,  өтө маанилүү жана эч алмаштыргыс ролду аткарышат. Экономикалык кылмыштар, коррупциялык схемалар  жалпы мамлекетибиздин жана бардык жарандарыбыздын кызыкчылыктарына зыян келтирет. Каржы полиция органдары аткаруу бийлигинин системасындагы мамлекеттик укук коргоо органы катары, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыз кылып, экономикалык жана салык боюнча кылмыштарды иликтөө милдеттерин аткарышат. Каржы полициясынын көпчүлүк кызматкерлери бийик кесипкөйлүк талаптарга жооп берип, эл ишенимине арзып, өз милдеттерин ийгиликтүү аркалап келе жатышат. Урматтуу каржы полиция кызматкерлери жана ардагерлер! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, Сиздерге чың ден-соолук,  принципиалдуулукту, туруктуулукту, жарандык жоопкерчиликти жана ишиңиздерге жаңы албан ийгиликтерди каалаймын!