01
Ноябрь
Урматтуу ички иштер органынын кызматкерлери, ардактуу ардагерлер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Кыргызстандын көз карандысыздык жылдарында коом сыяктуу эле ички иштер органы да кыргыз мамлекетинин жаралыш доорунун баардык оорчулуктарын өз башынан өткөрдү. Бүгүн, жеңил эмес социалдык-экономикалык шартта, коом алдында сиздердин жоопкерчилигиңиздер дагы артууда. Өз кесибин сүйгөн жана ага бүтүндөй берилген мыкты кесипкөйлөрдүн эмгегинин аркасында мыйзамдуулукту жана укук тартибин коргоодо учураган курч көйгөйлөрдү тиешелүү деңгээлде чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.
Бул багытта, кесипкөй жана таза милицияны түзүү жана элдин ага болгон ишенимин жаратууга максатталган ички иштер органын реформалоого үмүт артып турам. Кыргызстанды мындай түзүмсүз туруктуу, өнүккөн, укуктук жана демократиялуу элестетүү оор.
Урматтуу ички иштер органынын кызматкерлери жана милициянын ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм жана сиздерге тынчтык, үй-бүлөлүк бакыт, чың ден-соолук жана татаал, айрым учурда жашоого коркунуч алып келген кесибиңиздерде ийгиликтерди каалайм!
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев