24

Октябрь

2013

Урматтуу Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу

жана метрология борборунун кызматкерлери!

 Сиздерди чын жүрөктөн кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын.

Стандарт адам баласынын турмушундагы иш-аракеттердин кеңири чөйрөсүн өзүнө камтыйт жана өнөр жайдын бардык секторунда талап кылынып, өзгөчө мааниге ээ. Ал эл аралык мамилелердин катышуучуларынын натыйжалуу аракеттенүүлөрү, тыгыз мамиледе болуулары үчүн керек жана соода тармагындагы кездешкен техникалык жолтоолорду четтетүү жаатында аракеттенет.

Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук орган ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көргөзүүнү башкы приоритет катары биринчи орунга коюп келет, эл аралык стандартты сабаттуулук жана жоопкерчилик менен колдонуу саясатын турмушка  ийгиликтүү ашырууда, бирдей өлчөмдөрдү камсыздоо боюнча метрологиялык кызматтын милдетин аткарып, жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык тастыкталган эрежелердин колдонулушун көзөмөлдөйт.

Республикада чыгарылып жаткан продукциялардын жана көргөзүлүп жаткан кызматтардын сапатынын жогорулашы жана коопсуздугу стандартташтыруу жана метрология борборунун кызматкерлеринин иш-аракетине көз каранды деп белгилеп кетким келет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздердин техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү саясатты жүзөгө ашыруудагы жигердүү, кесипкөй ишиңиздер үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем.

Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден-соолук, бакубаттык жана андан аркы ишиңиздерге ийгилик каалаймын.

 Кыргыз Республикасынын   

Премьер-министри                                    Ж.Ж.Сатыбалдиев