22

Февраль

2013

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери жана ардагерлер! Бүгүн биз улутубуздун сыймыктуу аскерлеринин Күнүн белгилеп олтурабыз.Бул күн баарыбыз үчүн Ыйык. Анткени, бул күн –  чыныгы атуулдардын,  Мекенин сүйгөн эр - азаматтардын,  даңктуу уулдардын Күнү. Ата Мекенди коргоо ар бир инсандын ыйык бурчу. Кыргызстандыктар үчүн Ыйык Күндө мен өкмөттүн атынан жана жеке өзүмдүн атыман Мекенибизди коргоп, элибиздин бейкутчулугун, тынчтыгын сактап, эл – жерине болгон  бийик сүйүүсү, атуулдук ар-намысы менен кызмат өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлерин  жана ардактуу ардагерлерибизди Ата Мекенди коргоочулардын Күнү менен кызуу куттуктаймын! Кесиптердин эң  ыйыгы – бул Мекенди коргоо, ал кесип гана эмес, жүрөктүн эл – жерге болгон бийик сүйүүсүнүн, патриотизмдин, чыныгы атуулдуктун, мекенчил сезимдин жогорку белгиси. Армия – бул улуттук символдун, мамлекетүүлүктүн башкы атрибуту. Мекенди коргоодон өткөн эр – азамат үчүн бийик парз жок. Азыркы кезде ошол ыйык салтты биздин өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери татыктуу улантышууда деп зор ишеним менен айта алабыз. Алар өз аскердик милдеттерин бийик жоопкерчилик менен аткарышып, биздин мамлекеттин коргонуу чебин бекемдешип, коопсуздугун сактап,  өздөрүнүн аскердик  кесипкөйлүгүн  такай өстүрүү аракетин көрүп келе жатышат. Улуттук Куралдуу Күчтөрдүн катарын чыңдоо, чек араларды бекемдөө аны көз карегиндей коргоо, аскердик кубаттуулукту өстүрүү, заманбап техникалар менен камсыздоо өлкөбүздүн коопсуздук  стратегиясынын башкы багыты катары эсептелет. Урматтуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскерлери жана ардагерлер! Сиздерди Ата Мекенди коргоочулардын Күнү менен  куттуктап, Сиздерге чын дилимден бекем ден-соолук, бакубат турмуш жана Мекенди коргоодогу ыйык парзыңыздарды татыктуу атакарууңуздарды  каалаймын! Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                  Ж. Сатыбалдиев