01

Октябрь

2013

“Урматтуу кадырман ардагерлер! 

Эл аралык карылар күнүнө карата Өкмөттүн атынан менин сиздерге деген чын дилден чыккан куттуктоомду кабыл алыңыздар!

Бул күн бизге турмуштук мол тажрыйбасы, илим-билими, кажыбас эмгеги жана даанышмандыгы менен мамлекетибиздин негиздерин куруп, өлкөнү коргоого жана өнүктүрүүгө өлчөөсүз салым кошкон жалпы баарыңыздарга чексиз ыраазылык билдирип, таазим этүүгө мүмкүндүк берет.

Качан, кайсы мезгил болбосун, өз өмүрүнүн жалындуу жаштык жылдарын Ата-Мекени үчүн арнаган улуу муун карыларга татыктуу жашоо шартын камсыз кылып, аларга камкордук көрүү – мамлекеттин жана өкмөттүн түздөн-түз милдети жана парзы болуп саналат. Бул милдет ар дайым Кыргыз өкмөтүнүн көңүл борборунда. Улгайган инсандарыбыздын турмуш шартын жеңилдетүү максатында биз республикабызда туруктуу пенсия системасын түзүүгө умтулуудабыз. 1-октябрдан баштап пенсиял көтөрүлөт.

Биз мындан ары да улуу муун жарандарыбызды пенсия менен камсыздоону жыл сайын жакшырта бермекчибиз. Бул багыт Өкмөттүн социалдык саясатынын негизин түзгөн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет. Арийне, ушул эле учурда улуу муундун жашоо жагдайы жалаң гана пенсиянын өлчөмү менен ченелбей турганын да унутпашыбыз кажет. Биз ар бир карыябыз үчүн жагымдуу жагдай-шарт түзүүгө тийишпиз. Анткени алар өздөрүнүн бүткүл өткөн өмүрү менен үй-бүлөсү, жалпы коом жана Ата-Журту үчүн жасаган асыл эмгеги үчүн мамлекет тарабынан толук камкордукка алынуу укугуна акыйкатта да татыктуу жана сөзсүз акылуу. Ошондуктан биз ата-бабаларыбыздын “Карысы бардын ырысы бар” деген накыл сөзүн эч качан эстен чыгарбай, калкыбыздын улууларды урматтаган нускалуу каада-салтын бекем сактоого милдеттүүбүз.

Эли-жерибиздин руханий баалуулуктарын, моралдык жана ыймандык асыл сапат-салттарын, ыйык касиеттерин көөнөртпөй сактап, жаш муундарга мурастап жатканыңыздар үчүн биз сиздер менен сыймыктанабыз. Сиздердин өмүрлүк өрнөгүңүздөр, турмуштук тажрыйбаңыздар жана даанышмандыгыңыздар – Кыргызстандын баа жеткис байлыгы. Баарыңыздарга ден-соолук, бакубат жашоо, узун өмүр жана кажыбас кайрат каалаймын!”

Кыргыз Республикасынын    Премьер-министри                                           Ж.Сатыбалдиев