18
Январь
Бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Чүй областынын Панфилов районундагы “Чалдовар” чек ара тозотунда болду.
Обьект менен таанышып чыккандан кийин Премьер-министр чек ара тозотунун көйгөйлөрүн талкуулады. Казакстан менен чектеш чек ара тилкесинде жайгашкан он турак үйлөр чек араны кесип өтүүдө жарандарга жана автоунааларга ыңгайсыздык түзүп жатканына байланыштуу Ж.Сатыбалдиев аларды башка жака көчүрүүнүн зарылчылыгын маалымдады.
Өкмөттүн Ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Азыранкулов көчүп чыккандарга жер берүүгө даярдыгын билдирди.
Премьер-министр бул үйлөрдө жашаган үй-бүлөөлөрдүн мүлкүн баалап, аларды көчүрүүнүн бир нече варианттарын иштеп чыгып план түзүүгө тапшырма берди.
Андан соң Өкмөт башчысы 1989-жылы курулган 4 кабаттуу имаратта жайгашкан жалпы дарылоочу Борбордо болду. Борбордун кызматкерлери Ж.Сатыбалдиевге имарат курулгандан бери капиталдык оңдоодон өтпөгөнүн жана унаа каражаттары жетишсиздигин айтышты.
Ж.Сатыбалдиев дарылоочу Борбордун медициналык кызматкерлеринин айткан көйгөлөрү Өкмөт тарабынан чечүү жолдору караларын белгиледи.
Премьер-министрдин кийинки барган пункту “Кайыңды кабель заводу” ААКсы болду. Башкармалыктын төрагасы Бектур Калыков аталган ишкана учурунда бир жылда 20 миң тонна кабель чыгарып, Советтер Союзун бүт камсыздоочу деп маалымдады. “Былтыркы жылы биз 90 тонна кабель чыгардык. Завод учурда каражаттын жетишсиздегинен, буйрутмалардын жоктугунан улам токтоп турат, ошондой эле даяр продукцияларды сатуу боюнча проблемалар бар. Мындан тышкары Кыргызстандын энергетиктери биз менен кызматташууну каалашпайт”,- деди ал.
Бирок Ж. Сатыбалдиев Майлы-Суу электр лампаларын чыгаруучу заводдун жакшы иштеринин мисалында Кайыңдыдагы кабель заводунун проблемалары менеджементтин жоктугунан пайда болгонун айтты. Өкмөт башчысы Кайыңды кабель заводун бир айдын ичинде ишке киргизип, кылган иштери тууралуу отчет берүү тууралу тапшырма берди.
Премьер-министр иш сапарынын алкагында мындан тышкары “Кыргызалтын” ААКсынын аффинаждоо заводунда жана Кара-Балта тоо-кен комбинатында болуп, алардын иши менен таанышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү