14
Март
2012
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гульнара Асымбекова жетектеген Өкмөттүк делегация Грузиянын бир катар социалдык объекттери менен таанышты.
Делегациянын мүчөлөрү Сагареджо шаарындагы 2011-жылдын декабрь айында колдонууга берилген көп профилдүү медицина борборунда болушту. Бул заманбап медицина борбору 30 орундуу жана анын курулушуна, медициналык жабдууларына 2 млн. АКШ доллары сарпталган.
Кыргыз делегациясынын кийинки социалдык объект менен таанышуусу Цнори райондук ооруканасы болду. Бул оорукана жаңы курулуп бүтүп, анын ачылышы Грузиянын Президенти Михаил Саакашвилинин катышуусу күтүлүүдө. Ошондой эле кыргыз делегаттары балдар үйүндө дагы болушту.
Бүгүн Г.Асымбекова жетектеген делегация Грузиянын Президенти Михаил Саакашвили жана Грузиянын Премьер-министри Никой Гилаури кабыл алышаары пландаштырылууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү