23
Февраль
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов башында турган Өкмөттүк делегация Минск шаарындагы бир катар белорус компанияларына барды
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов башында турган Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегация Минск шаарында өткөн соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Белорус өкмөттөр аралык комиссиясынын тогузунчу жыйынын алкагында бир катар белорус компанияларына барды.
«Жогорку технологиялар паркынын администрациясы» мамлекеттик мекемесине барган учурда белорус тарап маалымат технологияларын иштеп чыгуу жана анын экспорту чөйрөсүндөгү улуттук стратегияны жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу тууралуу маалыматтарды беришти, ошондой эле өлкөнүн IT-тармагында ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жаткан иштелмелерди көрсөтүштү.
Ошондой эле кыргыз делегациясы «БЕЛАВТОМАЗ» унаа чыгаруучу компаниянын, «Белкоммунмаш» коомдук электротранспортторду чыгарган жана «АМКОДОР» заманбап көп тармактуу, экспортко багытталган ишканасынын иши менен таанышты, муну менен катар өрт өчүрүүчү атайын жана адистешкен техникаларды долбоорлоо, жасоо боюнча иш алып барган «ПОЖСНАБ» ЖЧКсын жана Беларусь Республикасында жашылча ташуучу ири компания болуп саналган «Агрокомбинат «Ждановичи» унитардык ишканасын дагы көрүштү.
Ишканаларды көрүү маалында тараптар лизинг шартында Кыргыз Республикасына белорус техникаларын алып келүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 2019-жылдын 17-декабрында «Айыл Банк» ААК жана Беларусь Республикасынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, кыргыз фермерлери Беларусияда өндүрүлгөн айыл чарба техникаларын беларусь тараптын лизингдик төлөмдөрдүн бөлүгүн (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо пайыздык коюмунун 2/3 өлчөмүндө) компенсациялоосунун (субсидиялоо) эсебинен жеңилдетилген шарттарда лизингге ала алышат.
Мындан тышкары кыргыз делегациясынын сапарынын алкагында эки тараптуу мекемелер аралык келишимге, анын ичинде «МашЭлектроСнаб» ЖЧКсы менен «В.И.Козлов атындагы Минск электротехника заводу» ААКтын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюлду.