17

Апрель

2013

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы “Жакаш” техникалык тейлөө борборуна  айыл чарба техникаларын берүү учурунда билдирди. 

Иш чара аяктагандан соң Премьер-министр фермерлер менен жолугушту. Баарлашуу учурунда ал дыйкандарды жеңилдетилген насыяларды алууга активдүү катышууга чакырды. “Учурда өлкөнүн 5 коммерциялык банктары аркалуу дыйкандарга 1.5 млрд. сом жеңилдетилген насыялар берилди. Ушул жылдын экинчи жарымынан баштап кайра иштетүүчү тармагынын субъектери да жеңилдетилген насыя улуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жеңилдетилген насыяларды алууга активдүү катышууга чакырам”,- деди Премьер-министр. 

Иш чара аяктаган соң Премьер-министр  райондун фермерлери менен жолугушту жана аларды жеңилдетилген насыяларды алууга активдүү катышууга чакырды. “Учурда өлкөнүн 5 коммерциялык банкы тарабынан дыйкандарга, фермерлерге  1,5 млрд. сом  насыя берилди. Ушул жылдын экинчи жарымынан баштап мындай мүмкүнчүлүккө  кайра иштетүү тармагынын өкүлдөрү да ээ болушат”, - деп белгиледи Өкмөт башчы дыйкандарга кайрылып.

Ж.Сатыбалдиев  айыл чарба техникалары бар фермерлер топторго биригип жатканын канааттануу менен  белгиледи. “эгерде сиздер биргелешип кооперативдерди уюштурсаңыздар Өкмөт айыл чарба техникаларын гранттык түрдө берүүгө даяр”,- деди ал. 

Премьер-министр Ак-Тала районунда өздөштүрүлбөгөн жерлер арбын экендигин белгилеп дыйкандарды жаңы жерлерди өздөштүрүүнү баштоого чакырды. 

Андан соң премьер-министр 6 түрдөгү 4 миң алма багы эгилген Кара-Ой айылындагы “Ак-Бата” бакчачылык чарбасы менен таанышты. Аталган чарба төө чарбачылыгын да өнүктүрүүдө. 

Мындан тышкары Премьер-министр  Кадыраалы айылындагы Атамбеков атындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Мектеп 225 окуучулук орунга ырасталган жана курулуш сметасы 52 млн. сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата 8 млн. 200 миң сом өздөштүрүлгөн. Премьер-министр 1-сентябрга карата мектепти ишке киргизүү үчүн  каражаттын экинчи траншын бүгүндөн калтырбай ачууну тапшырды.

Премьер-министр ошондой эле Кадыраалы айылынын фельдшердик-акушердик пунктунда болду.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү