08
Октябрь
КР Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча Жол картасын жактырды
Бүгүн, 7-октябрда, Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өтүп, анда курамына Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы кирген Бирдиктүү экономикалык аймакка Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы (Жол картасы) талкууланды.
“Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча Жол картасы – бул биздин өлкөнүн Евразия экономикалык бирлигине кирүүгө карай жасалган дагы бир кадамыбыз болуп саналат. Биз интеграциялык процесс алкагындагы өздүк милдеттенмелерибизди толук көлөмдө жана ырааттуу түрдө аткаруудабыз. Менин ишенимимде, жыл соңуна дейре Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусу жөнүндө келишимге кол кое алабыз», — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.
Премьер-министр белгилегендей, учурда кыргыз тараптан Бажы биримдигине кошулуу боюнча “Жол картасын” ишке ашыруу боюнча иштер дээрлик жыйынтыкталып калды жана бул маселе өлкө Президентинин, Парламентинин жана Премьер-министринин көзөмөлүндө турат.
Күн тартибиндеги маселелерди кароо жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын (Жол картасын) жактыруу жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алынды.
Эскертсек: 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында мамлекет башчыларынын деңгээлинде Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Анда башка маселелердин катарында Евразиялык экономикалык бирликти уюштурууну эске алуу менен, курамына Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы кирген Бирдиктүү экономикалык аймакка Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планы (Жол картасы) талкууланмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү