15

Май

2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын күн тартибинин үчүнчү маселеси боюнча каржы министри Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, 2013-2015-жылдарга карата Орто мөөнөттүү бюджеттик программанын бет ачаарын тартуулады.

ОМБ ылайык, 2013-жылдагы номиналдуу ИДП 365 млрд. 400 млн. сом эсебинде болмокчу, ал эми 2014-жылы 425 млрд. сом, 2015- жылы болсо 491 млрд. 900 млн. сом эсебинде болмокчу. Ушул жылы ИДП 319 млрд. 200 млн. сомду түзөөрү күтүлүүдө. Болжол менен 2013- жылы маяна орто эсеп боюнча 13 миң 34 сомду түзөт, ал эми 2014-жылы 14 миң 991 с, 2015-жылы 17 миң 56 сомду түзөөрү айтылды.

2012-жылдын эсеби менен орто маяна 11 миң 316 сомду түзөт. Министр ОМБ 40 улуттук  долбоордун ишке ашырылышынын негизинде иштелип чыкканын айтты. Ошондой эле ОМБ түзүүдө 2013- жылдан тартып бир жылда 50 айылдык аймактар дотация тизмесинен чыгарыларын  эске алды.

Бет ачардын жыйынтыгында ОМБ долбоорун мамлекеттик органдарга тыкыр талдап, изилдеп чыгуу үчүн жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.  Талдоонун жыйынтыгын эске алуу менен КР Өкмөтү кезектеги жыйынында бул долбоорду кайрадан карап чыкмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү