08

Февраль

2012

Бүгүн, 8-февралда, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги астында жарандык коомчулук менен мамлекеттик сатып алуу системасын электрондоштуруу маселесин талкуулоого арналган жыйын өттү. Вице-премьер-министр жыйындын негизги максаты - жарандык коом менен мамлекеттик сатып алууну электрондоштуруу маселесин ачык талкуулап, пикир алмашуу экендигин белгиледи. Ж.Оторбаевдин айтымында, эл аралык серепчилердин маалыматтарына ылайык, мамлекеттик сатып алууну элоктрондошторуу өлкөнүн бюджетинин 5 пайызын үнөмдөйт же болбосо Улуттук Дүң Продуктунун 1 пайызы үнөмдөлөт.  “Электрондук системаны киргизүү үнөмдөөлөрдөн сырткары коррупциянын деңгээлинин кыскартууга көмөкчү болот”, - деп баса белгиледи вице-премьер-министр. Каржы министри Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алуу системасынын электрондоштуруунун принциптерине кыскача токтолду. Жыйын учурда бул долбоорду ишке ашырууга 2 млн. АКШ доллары керектеле тургандыгы айтылды. Бул долбоорду иш жүзүнө ашырууга Азия Өнүктүрүү Банкы кызыкдар. Мамлекеттик сатып алуу системасын электрондоштуруу боюнча биринчи пилоттук долбоор 2012-жылдын апрель айында 6 министирликте жайылта башталаары маалымдалды. Ал эми мамлекеттик сатып алуу пландары www.goszakupki.kg порталына киргизилип турмакчы. Европанын Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Жылдыз Галиева талкууланып жаткан маселенин маанилүүлүгүн белгилеп, Өкмөткө Европа Банкынын электрондук сатып алуу тажрыйбасы менен таанышууну сунуштады. Жарандык коомдун өкүлдөрү Өкмөт менен электрондук системаны реализациялоодо тыгыз кызматташаарын билдиришти.

Учурда мамлекеттик сатып алуу системасынын электрондоштурууну боюнча Каржы министрлигинде атайын түзүлгөн топ иш алып барууда.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү

[gallery link="file" order="DESC"]