24
Январь
КР Өкмөтү 2012-жылы мааракелик иш-чараларга жумшала турган бюджеттик чыгашаларды кыскартты
КР Өкмөтүнүн жыйынындагы күн тартибине кирген төртүнчү маселедеги “2012-жылдагы мааракелик иш-чаралардын топтому жөнүндөгү” токтомдун долбоорун кароого өтүп жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизүүнүн зарылдыгын белгиледи.
“2012-жылга белгиленген мааракелик 28 иш-чаранын 13үн гана өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Анын ичинде Мамлекеттик Гимн менен Мамлекеттик Туунун кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгын майрамдоо сыяктуу өзгөчө окуялар иш-чаралардын тизмесинде калат”, - деди Премьер-министр.
Бул маселе боюнча доклад жасаган Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов өтө турган мааракелик иш-чаралар демөөрчүлөрдүн жардамы менен өтүп, мамлекет тарабынан уюштуруу иштери менен акчалай сыйлыктар жана мамлекеттик сыйлыктар гана берилерин белгилеп, маданиятка жана искусствого эмгек сиңирген ишмерлердин мааракелерин өткөрө берүүнү сунуштады.
Бул сунуш каржы министри А.Жапаров тарабынан сынга алынып, ал маараке өткөрүүгө мораторий киргизүү керектигин айтты.
Талкуунун жыйынтыгында сунушталган долбоор сын пикирлер жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды.
Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Премьер-министр Өмүрбек Бабанов чиновниктердин карапайым адамдардын турмушуна жолтоо болгон привилегиялары эгерде алар коопсуздук маселелерине тиешеси жок болсо кыскартылышы керектигин белгиледи. Бул жаатта биринчи кадам - KG сериясындагы номерлерди 100дөн 21ге чейин кыскартуу болду.
“Экинчи кадам катары Премьер-министрди шаар ичинде МАИ машинелерди коштоп жүрүүсүнөн баш тартам. Мен башкалардай эле жаранмын. Анан жумушка баруум үчүн башка айдоочуларга, элге тоскоолдук жараткым келбейт. Жолдо жүрүү эрежелери бардыгы үчүн бирдей болушу керек”, - деди Премьер-министр Ө. Бабанов.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү