27
Январь
2015
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЮНИСЕФ менен биргеликте балдарга карата зомбулук көрсөтүүгө каршы маалыматтык кампанияны баштоодо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЮНИСЕФ менен биргеликте “Мен зомбулукка каршымын!” аттуу балдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн жана катаал мамилелердин алдын алуу боюнча маалыматтык кампанияны баштоодо.
Аталган маалыматтык кампания балдарга карата зомбулук көрсөтүү окуяларынын көбөйүшүнө карата жооп катары саналат. КР Саламаттык сактоо министрлигинин өткөн жылдын 9 айы үчүн маалыматына ылайык, республикада жалпысынан 92 зомбулук катталган, анын 42% балдарга каршы орун алган.
2014-жылы ЮНИСЕФ Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте иликтөө жүргүзүп, ага ылайык, 1 жаштан 14 жашка чейинки балдардын 57% ашууну ата-энелер тараптан психологиялык агрессияга жана физикалык жазалоого дуушар болот.
Маалыматтык кампания алкагында төмөнкүлөр даярдалат:
• социалдык жарнама (постерлер, инфографика)
• 3-5 жашар балдар үчүн 5сериялык анимациялык программалар, аларды көргөн соң, балдар зомбулук курмандыгы болгон учурда аткарууга зарыл болгон негизги аракеттерди атай алат
• Ошондой эле балдар жана мугалимдер үчүн балдарга карата зомбулуктун негизги белгилери жана тийиштүү аракеттер тууралуу үйрөтүүчү 10 мүнөттүк окутуучу тасмалары
• стрит-арт
• интерактивдүү инсталляция
• ТВ берүүлөрдү, атайы репортаждарды тартуу
• Жетекчилердин жана эксперттердин ТВ жана радио берүүлөргө катышуусу
• Басма ЖМКларда интервьюлардын сериясы
Маалыматтык кампания жыйынтыгында коомчулук (балдар) эгерде адам зомбулук курмандыгы/күбөсү болсо, же кооптонууну сезсе эмне иш кылуу керектигин, ал эми ата-эне, мугалимдер жана коомчулук үй-бүлөдөгү зомбулуксуз ыкмалар тууралуу маалымат ала алат.
Маалыматтык кампания Великобритания элчилигинин финансылык колдоосу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ЮНИСЕФ тарабынан ишке ашырылат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү