04

Ноябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көмүргө карата баанын мамлекеттик жөнгө салынышын киргизүүдө

Көмүр казуу жана сатуу рыногундагы баанын абалын көзөмөлдөө, экинчи рыноктогу баанын өсүүсүн кармап туруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесин аткарууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагындагы көмүргө карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна кол койду.

Аталган документтин алкагында кыска мөөнөттө ишке ашырыла турган бааларды мамлекеттик жөнгө салуу механизми иштелип чыгууда.

Өкмөт токтомуна ылайык, көмүргө карата баанын чектери ар-бир аймак үчүн бирдиктүү аныкталат, бул өз кезегинде алдыдагы жылытуу мезгилинде калкты отун менен жеткиликтүү баа боюнча камсыздоого шарт түзөт.

Мындан тышкары, ортомчулар санын азайтууга, ошондой эле көмүр баасына негизсиз кошумчаланган чыгашалар деңгээлин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Белгилей кетчү нерсе, КР “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүгө жол берилет.

Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын аймагындагы көмүргө карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтому аталган отун түрүнө карата баалардын уюштурулушунун ачыктыгын камсыздап, акыркы керектөөчүлөрдүн отун менен жеткиликтүү баада камсыздалышына шарт түзөт.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү