11
Май
2020
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өзбекстан Республикасынын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 1-майында Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстан Республикасынын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Өзбекстан Республикасынын жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майы жөнөтүлдү.