22
Ноябрь
Өкмөт тамеки буюмдарына иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдү киргизүүгө ниеттенүүдө
Бүгүн, 22-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Тамеки буюмдарынын таңгактарында жана кутуларында жайгаштыруу үчүн тамекинин зыяндуулугу туурасында медициналык эскертүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтом долбоорунун тегерегиндеги пикир келишпестиктер боюнча кеңешме өткөрдү.
Саламаттык сактоо министрлигинин демилгеси аркылуу адам организмине карата тамекинин зыяндуу таасиринин алдын алуу максатында тамеки продуктуларында иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн болушу сунушталат.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Тамеки буюмдарынын таңгактарында жана кутуларында жайгаштыруу үчүн тамекинин зыяндуулугу туурасында медициналык эскертүүлөрдүн тизмесин бекитүү жөнүндө” токтом долбоору жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизилет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү