27
Ноябрь
Бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болуп өттү.
Күн тартибине 2 маселе коюлду:
1.Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-октябрь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы жана 2012-жылга бекитилген болжолдоонун чегинде белгиленген максаттуу көрсөткучтөрдү аткаруу боюнча биринчи кезектеги кечиктирилгис чаралары.
2. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын 2020-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясын бекитүү.
Биринчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эконимика министри Темир Сариев доклад жасады.
Өз сөзүндө ал жыл башынан бери өлкөнүн экономикасында реалдуу өндүрүштүн кыскарылышы боюнча негативдүү тенденция белгиленди жана сакталууда деди. “2012-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү алдын ала эсептөө боюнча 2011-жылдын ушул мөөнөтүнө салыштырмалуу 4,3 % төмөндөө менен 233,6млрд.сомду түздү. “Кумтөр” кен иштетүүчү ишканасын эсептебегенде ИДПнын реалдуу өсүшү 3,6 % түздү, 2011-жылдын ушул мөөнөтүндө мындай көрсөткүч 6,0 % түзгөн. Экономиканын өсүү темпинин 4,3 % басаңдашы мурдагы жылдардай эле металлургиялык сектордо өнөр жай өндүрүшүнүн кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Экономиканын өтө төмөндөп кетүүсүн кармап турган сектор болуп кызмат көрсөтүү тармагы эсептелет. Анын салымы 2,3 пайыздык пунктта, ал эми курулуш тармагынын салымы 0,5 пайыздык пункт”- деп белгиледи министр.
Андан соң Темир Сариев экономиканын тармактары боюнча негизги көрсөткүчтөргө токтолду. Атап айтканда:
- 2012-жылдын январь-октябрында негизги капиталга баардык каржылоонун булактарынын эсебинен инвестициялоонун көлөмү 40,2 млрд. сомду түзүп, 7,4 % ке көбөйдү.
- Кызмат көрсөтүү тармагынын ИДПга кошкон салымы барандуу болуп жыл башынан бери 5,3 %ке өсүп, 2,3 пайыздык пунктта бааланды жана ИДПнын өндүрүш структурасында жалпы салмагы 2011-жылга салыштырмалуу 2,8 пайыздык пунктка өсүп, 46,0 % ти түздү.
- Кыргыз Республикасынын тышкы соода айлануусу 2011-жылга салыштырмалуу 11,1 % ке көбөйүп, 2012-жылдын январь-сентябрында 4870,3 млн. долл. түздү.
Экспортттук көрсөткүч 23,1%ке кыскарып, 1100,8 млн. АКШ долл. түздү. Аталган мөөнөттөгү экспорттун көлөмүнүн 2011-жылга салыштырмалуу кыскарышы алтынды өндүрүү көлөмүнүн түшүп кетишине байланыштуу аны экспорттоодо 2,5 эсеге төмөндөп калышы эсептелинет. Буга карабастан, алтынды кошпогондо экспорттоонун көлөмү 24,5 % ке көбөйүп, 870,1 млн. АКШ долл. түздү.
Импорт 28,1 % ке көбөйүп, 3769,5 млн. АКШ долл. түздү.
Сырткы соода айлануусунун күтүлүүчү көлөмү 2012-жылда 7550 млн. АКШ долл. түзөт. Импорт 5400 млн. АКШ долл., экспорт 2150 млн. АКШ долл. түзөт.
Инфляциянын орточо жылдык көрсөткүчү 101,9 %. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция 8,4 % деңгээлинде күтүлүүдө.
Эл аралык резервдин көлөмү ушул жылдын 31-октябрына карата жыл башынан бери 112, 8 млн. АКШ долл. көбөйүп, 1947,3 АКШ долл. туздү. КР Улуттук банкынын эл аралык резервинин дүң көлөмү 2012-жылдын 31-октябрына коммерциялык банктардын депозиттерисиз жыл башынан бери 87,0 млн. АКШ долл., 4,7 % ке көбөйүп, 1921,5 млн. АКШ долл. түздү.
2012-жылдын январь-октябрында республиканын агрардык секторунда жаратылыш факторунун негизинде өсүштүн төмөнкү темпи байкалууда. Аталган убакта былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу өсүмдүк өстүрүүнүн көлөмүнүн 1,9%ке кыскарышынан улам 0,3 % ке төмөндөгөн. Мал-чарбачылыгын өндүрүүнүн өскөнү байкалат жана ал 101,9 % ды түзөт.
Республиканын баардык чарба категорияларынын айыл-чарба азыктарын өндүрүүнүн дүң көлөмү учурдагы баалар менен 143,8 млрд.сомду түзөт. ИДПны түзүүдөгү салым терс болду жана (-) 0,1 пайыздык пунктту түздү жана ИДПнын өндүрүш структурасында салмагы 20,6 % ти түздү.
2012-жылдын январ-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизген өнөр-жай тармагы былтыркы жылдын ушул убактысына салыштырмалуу төмөндөп 69,1%ды түздү. “Кумтөр” кен казуучу ишканасын эске албаганда – 68,1 млрд. сомду түздү, же реалдуу өсүш 110,2 % ды түздү.
Андан соң Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов, Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев, Мамгеология агенттигинин башчысы Ишенбай Чунуев, Мамкурулуштун директору Каныбек Нарбаев кошумча доклад жасашты.
Ар бир кошумча докладка чыккандарга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри алар башкарган ведомстволордун күнүмдүк иштери боюнча суроолорду берди. Атап айтканда, Жантөрө Сатыбалдиев Энергетика жана өнөр-жай министрлигинин энергетика жаатындагы проблемалар менен гана алек болуп, өнөр-жай тармагына көңүл бөлбөгөнү тууралуу ишин сынга алды.
Күн тартибиндеги биринчи маселени талкуулоонун жыйынтыгы боюнча Өкмөт башчысы министирликтер менен ведомстволордун жетекчилерин жыл жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга аракет жасоого чакырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү