22

Декабрь

2014

Өкмөт КР ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө келишим долбоорун жактырып, Жогорку Кеңешке жөнөттү

Бүгүн, 22-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу жөнүндө келишим долбоору каралды.

Премьер-министр белгилегендей, Келишим долбоорунда Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынып, Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуу стандарттары каралган.

Андан соң Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев өлкөнүн Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишим долбоорунун пункттары жөнүндө кеңири айтып берди. Темир Сариев маалымдагандай, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуусу тууралуу келишим долбоору Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча эки Жол картасын аткаруунун натыйжасында түзүлгөн. «Бизге Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуу маселеси, өзгөчө, мыйзам долбоорлорун жана башка нормативдик-укуктук актыларды даярдап жана иштеп чыгуу боюнча олуттуу иш алып барууга туура келди. Келишим долбоорлору боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү», — деди экономика министри.

Ал белгилегендей, Евразиялык экономикалык бирлик аталган бирликке кирген мамлекеттердин капиталынын, товарларынын, тейлөөлөрүнүн жана эмгек ресурстарынын кыймылынын эркиндигин билдирет. «Биринчи баскычта Россия, Казакстан жана Беларусь кирген Бажы биримдиги түзүлгөн. Андан соң Бирдиктүү экономикалык аймак түзүлүп, ал эми 2014-жылдын 29-майында аталган үч мамлекет ЕАЭБ жөнүндө келишимге кол койгон, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирет. ЕАЭБге мүчө ар-бир мамлекет тийиштүү өткөөл мезгилден өткөн. Кыргызстан ЕАЭБ кошулуп, дароо өткөөл мезгилге кирет. Биз Жол картасы алкагындагы бардык алынган милдеттенмелерди даярдообуз керек», — деп белгиледи Темир Сариев.

Өз кезегинде Жоомарт Оторбаев кошумчалагандай, Өкмөт Келишим долбоорун иштеп чыгуу жана даярдоо ишин ведомство аралык комиссияга тапшырган, ал жакка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри баш болгон бардык министрлик жана ведомство жетекчилери кирген. «Келишим долбоорунда бир катар пункттар боюнча пикир келишпестиктер болду. Бирок биз алардын көпчүлүгү боюнча жалпы пикирге келе алдык. Биз биздин улуттук кызыкчылыкты коргоп жатабыз», — деди Өкмөт башчы.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге кошулуусу тууралуу келишим долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин кароосуна жөнөтүү чечими кабыл алынды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү