07

Ноябрь

2013

“Баардык каржы милдеттенмелери орундалат” - деди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында, “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” күн тартибине коюлган маселени кароо учурунда.

“Албетте, Салык кызматындагы айрым көйгөйлөрдү эсепке албаганда, биз баардык милдеттенмелерди орундатабыз. Мен жетекчилердин баарынан мерчемдердин аткарылышын талап кылам. Биз мурда сөз кылгандай, бюджеттик параметрлердин аткарылбай калуу коркунучу бар. Бул багытта жумушчу топ иштейт. Ар жума сайын бюджеттин киреше бөлүгү боюнча чогулуп талкуулап турабыз”,- деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Бул маселе боюнча негизги докладчы Кыргыз Республикасынын каржы министр Ольга Лаврова болду.

Макроэкономикалык өзгөртүүлөрдү киргизүү республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы жагдайы менен шартталган.  Алсак, номиналдык  ИДПнын күтүлгөн көлөмү 351 млрд. 140,8млн. сомду түзөт,  же 3 278,7 млн.сомго азаюу менен.  “ИДПнын номиналдык көлөмүнүн азайышы болжол менен салыштырмалуу  алтынга баалардын кескин төмөндөшү  (дээрлик 15,0%га) жана керектөө бааларынын индексинин өсүш арымынын басаңдашынан келип чыгууда” - деди ал.

 

Мында ИДПнын өсүшүнүн анык арымы 7,8% көбөйөт. Ал эми, инфляциянын деңгээлинин 6,9% чейин төмөндөшү күтүлүүдө.

“МИП гранттарын эсепке алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 90 059,3 млн. сомду түзөт,  бекитилген бюджетке карата  745,8 млн. сомго көбөйүү менен. Республикалык бюджеттин салыктык кирешелеринин түшүүлөрү бекитилген көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 107,6 млн. сомго азайтылган” - деп аныктама берди Ольга Лаврова.

Андан ары докладчы 2013-жылдын мамлекеттик бюджетинин чыгымдарынан маалымат берди. 2013-жылга мамлекеттик бюджеттин чыгашалары  109 млрд. 984,2 млн.сом деңгээлинде  (ИДПга карата 31,3%). Ал эми,республикалык бюджеттин таңкыстыгы   7 331,2млн. сомдутүзөт,  бул   ИДПга карата 2,1%.

“Үстүбүздөгү жылы эмгек маяналарын көбөйтүү үчүн 650 млн. сом сарпталды, 2014-жылы буга 2 млрд.га чукул акча каралууда”,- деп сөзүн жыйынтыктады каржы министри.

“Ыргаксыз иш тартиби үстүбүздөгү жылы гана Өкмөттүн жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлигинин жана аз төлөнүүчү мамлекеттик кызматкерлердин эмгек маянасын жогорулатууга мүмкүнчүлүгүн жаратууда” - деп кошумчалады Премьер-министр талкууланып жаткан маселенин жыйынтыгын чыгарып жатып.

Өкмөт мүчөлөрү тарабынан“Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору колдоо тапты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү