27

Сентябрь

2019

Өкмөт «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» КРнын Мыйзамынын долбоору тууралуу» КРнын Өкмөтүнүн токтом долбоорун жактырды

img

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кезектеги жыйынынын жүрүшүндө «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун жактырды.

Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгуль Жээнбаева билдиргендей, 2020-жылга республикалык бюджетин кирешелер боюнча 163 710 434,2 миң сом суммасында жана чыгымдар боюнча 173 663 937,2 миң сом суммасында бекитүү сунушталууда.

Анын маалыматында, 2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 9 953 503,0 миң сом суммасында бекитилет.

2020-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгынын чектелген өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 9 953 503,0  миң сом суммасындагы каражат жумшоо каралууда.

Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын 2021-2022-жылдарга республикалык бюджетинин негизги параметрлери белгиленген:

1) 2021-жылга кирешелер боюнча болжол – 164 916 579,1 миң сом суммасында, 2022-жылга – 169 243 660,0 миң сом суммасында;

2) 2021-жылга чыгымдар боюнча болжол – 173 498 415,6 миң сом суммасында, 2022-жылга – 174 966 994,6 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу – 8 581 836,5 миң сом суммасында, 2022-жылга – 5 723 334,6 миң сом суммасында.

«2020-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 3 000 000,0 миң сом суммасында бекитүү жана аларды мурдагы мезгилде каралган объекттердин курулушун аяктоого жана 2020-жылга түзүлгөн тизмеде бекитилген объекттерди алардын артыкчылыктарын эске алуу менен курууга, реконструкциялоого жумшоо сунушталып жатат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Бюджеттик кредиттерди  башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 150 000,0 миң сом жумшоо сунушталууда», – деди финансы министри Бактыгүл Жээнбаева.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2020-жылы – 600 000,0 миң сом, 2021-жылы – 600 000,0 миң сом, 2022-жылы 800 000,0 миң сом суммасында бекитилет.

Сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору жактырылды.