05

Май

2015

Өкмөт 2014-жылдын 24-декабрында Москва шаарында кол коюлган Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө Келишим Протоколдорунун долбоорун жактырды

Бүгүн, 4-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кеңешмеси болуп өттү. Кеңешме алкагында Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусу боюнча протоколдор долбоорун жактыруу жөнүндө маселе каралды. Кеңешме учурунда Премьер-министр Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ кошулуу процедурасын эске салды. «Өткөн жылдын 23-декабрында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жетекчилери тарабынан Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусу жөнүндө келишимге кол коюлган. 8-майда мамлекет башчылары 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Келишим протоколдоруна кол коет. Андан соң бул документтер ратификация процедурасынан өткөрүлүшү тийиш, андан соң Кыргыз Республикасы ЕАЭБ расмий мүчөсү болуп калат», — деди ал. Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстандын ЕАЭБ катышуусу алгачкы күндөн татып эле товарлардын, капиталдын жана тейлөөнүн эркин жылып жүрүүсүн, ошондой эле биздин эмгек мигранттардын эмгекке орношуусун камсыздоого мүмкүндүк түзөт. Ал белгилегендей, республика бир жыл ичинде Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасын ишке ашыруу боюнча бардык тийиштүү иштерди өткөрдү. «КР ЕАЭБ кошулуусу үчүн зарыл база бекитилген. Кыргызстанда өндүрүлгөн продукция ЕАЭБ техрегламенттеринин талабына жооп берип, эркин экспорттолот», — деди Темир Сариев. Өкмөт башчы эскерткендей, Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуу процессинде 1,2 млрд доллар суммасындагы техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Кыргыз-росиялык өнүктүрүү фонду аркылуу 1 млрд доллар экономиканы өнүктүрүүгө, ал эми 200 млн доллар грант түрүндө инфраструктураны ЕАЭБ талаптарына ылайык келтирүүгө багытталат. Ошондой эле Казакстан Республикасы менен КР 100 млн доллар суммасындагы техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлган», — деди Премьер-министр.   Миграция маселесине, тактап айтканда, Россияда эмгектенип жаткан кыргызстандык жарандар темасына кайрылууда, Темир Сариев билдиргендей, Кыргызстандын ЕАЭБ кошулуусу менен катар КР жарандары Россия Федерациясынын жарандары катары эле укуктарга ээ болот. «Бүгүнкү күнгө карата биздин жарандар орус тилин билүүгө карата сынактарды тапшырууга, патент жана ишке уруксаат алууга 30-50 миң рубль коротууда», — деди ал. «КР ЕАЭБ кирүүсү боюнча Өкмөттүн так позициясы бар: Кыргызстан ЕАЭБге кошулат. Мындай чечим тийиштүү келишимге кол коюлган күнү, 23-декабрда кабыл алынган. Мындан башка эч кандай саясый оюндар жок. Президент, спикер жана Өкмөттүн пикири бирдиктүү, бардык чечимдер Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу менен кабыл алынуусу тийиш. Өкмөт интеграция процессин тездетүү жана жакынкы арада чекараларды ачуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо», — деп билдирди Премьер-министр. Кеңешме жыйынтыгы боюнча Өкмөт мүчөлөрү - 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге жана 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Евразиялык экономикалык бирликтин укугуна кирүүчү айрым эл аралык келишимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу; - Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө келишимди, Евразиялык экономикалык бирликтин укугуна кирүүчү айрым эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирликке кошулуусуна байланыштуу Евразиялык экономикалык бирлик органдарынын актыларын пайдалануу шарттары жана өткөөл жоболору жөнүндө; - Армения Республикасынын 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразиялык экономикалык бирликке кирүүсү тууралуу келишимине кошулуусу жөнүндө протокол долбоорлорун жактырышты.

[su_carousel source="media: 54159,54160,54161,54162,54163,54164,54165,54166" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү