26

Январь

2013

Бул тууралуу бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев  айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтуусу боюнча Өкмөттүн токтомуна бүгүн кол коюлган жана 2013-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет. “Айрым критерийлердин туура келбешине байланыштуу тизмеден төрт ишкана чыгарылган. Бекитилген тизмеге  59 ишкана кирди”,- деди Жоомарт Оторбаев. Бюджеттик каражаттардын тартыштыгынан жана банк секторунун начардыгынан улам  мамлекет айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдү толугу менен колдой электигин Биринчи- вице-премьер-министр мойнуна алды. “Бирок биз сиздердин ишиңиздерге жагымдуу шарт түзгөнгө аракеттенүүдөбүз. Быйылкы жылы фермерлерге 4 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилет. Айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө көп көңүл бөлүнөт. Бул иш чаралардын бардыгы айыл чарба азыктарын иштетүүдөгү чийки заттын баасын арзандатууга алып келет деп ишенебиз”,- деди ал. Жоомарт Оторбаев 59 ишкананы кирешеден алынган салыктан бошотууда мамлекеттик бюджет 43 млн. сомго жакын жабыр тартарын маалымдады. Ошол эле учурда өндүрүштүн көлөмүнүн экономикалык өсүшү жана салыктан бошотуудан түшкөн суммага алынган жаңы жабдуулар мамлекеттик бюджетке  орто эсеп менен жылына 67 млн. сом түшүрөт. Андан соң жолугушуунун катышуучулары өлкөдө экономикалык кырдаалды жакшыртуу жана айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдү колдоонун мүмкүн болгон чаралары тууралуу ой бөлүштү.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү