31

Октябрь

2014

Өкмөт Араб координациялык тобуна 1 млрд доллардан ашуун суммадагы инвестициялык долбоорлорду сунуштады

Бүгүн, 31-октябрда, «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин жана араб өлкөлөрүн өнүктүрүү жана Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Араб координациялык тобунун (АКТ) II-инвестициялык форуму өтүүдө.

Форумду ачууда Тайырбек Сарпашев белгилегендей, I-инвестициялык форум 5 жыл мурда өткөн жана ар-кандай себептер боюнча жаңы жолугушуунун уюштурулушу бир нече ирет артка жылдырылган. «Биринчи кезекте, бул 2010-жылкы окуяларга жана Өкмөт курамынын өзгөрүшүнө байланыштуу болгон. Биз мындай иш-чаралар такай өтүп, ал эми биздин ортобуздагы кызматташуу жаңы деңгээлге көтөрүлөт жана анын негизги көрсөткүчү катары ишке ашырылган долбоорлордун саны болуп эсептелет деп ишенебиз»,- деди Биринчи вице-премьер-министр.

Т.Сарпашев араб фонд өкүлдөрүнө кайрылууда аларга долбоорлорду кунт коюу менен карап чыгып, аларды каржылоо мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. «Өкмөт өз кезегинде жактырылган инвестициялык долбоорлор боюнча өз убактысында кол коюуга жана аларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө колдон келген күчүн жумшамакчы», — деп билдирди Биринчи вице-премьер-министр.

Өкмөт тарабынан АКТ 1 млрд 131 млн доллар суммасындагы 23 инвестициялык долбоор сунушталган. Долбоорлордун айрымдары инфраструктураны өнүктүрүү, Баткен облусунда суу сактагычты куруу, сугат каналдарды жана авто жолдорду куруу, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясынын” жүк ташуучу вагондорунун инвентардык паркын толуктоо үчүн кыймылдаткыч курамын сатып алууга багытталган.

Белгилесек, 2009-жылы орун алган АКТ катышуусу менен өткөн мурунку форум жыйынтыгы боюнча бир катар келечектүү долбоорлор: «Ош-Сарыташ-Эркечтам» жолун реконструкциялоо, 110 Kв «Айгүлташ-Самат» электр өткөрүү линияларын куруу жана көмөкчордон орнотуу, «Тараз-Талас-Суусамыр» жолун реконструкциялоо жана башка долбоорлор ишке ашырылууда.

Маалымдама:

Араб координациялык тобу Ислам Өнүктүрүү Банкы, Сауд өнүктүрүү фонду, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду, Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду жана Абу-Дабини өнүктүрүү фондун камтыйт.

Топ 1975-жылы фонддордун чечимдерин жана ишкердүүлүк натыйжалуулугун макулдашуу иретинде түзүлгөн. АКТ мүчөлөрү жылына эки ирет департамент жетекчилеринин деңгээлинде, бир ирет ИӨБ штаб-квартирасында жетекчилер деңгээлинде, же кезек-кезеги менен мүчө-өлкөлөрдүн борборлорунда жолугушат.

[su_carousel source="media: 44805,44806,44807,44808,44809,44810,44811,44812,44813,44814" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү