17

Ноябрь

2014

Өкмөт жарандык коом мүчөлөрүн 2015-жылга карата реформалар күн тартибин уюштурууга активдүү катышууга чакырат

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев аппараттык кеңешме учурунда өлкө жарандарын 2015-жылга карата реформалар күн тартибин уюштурууга активдүү тартуу зарылдыгы тууралуу билдирди.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы мамлекеттик орган жетекчилерине келерки жылга карата министрлердин Иш-аракет, милдеттенме пландарына даярдык көрүү алкагында көзөмөлдөнгөн тармактарды реформалоо боюнча сунуштарды кабыл алуу жана аларды кеңири талкуулоо үчүн техникалык мүмкүндүк түзүүнү сунуштады.

Эскертсек, Өкмөттүн биринчи жыйынында Жоомарт Оторбаев мамлекеттик орган жетекчилерине 2014-жылга карата катардагы жарандарга түшүнүктүү тилде “коом менен келишимди”, же Иш-аракет, милдеттенме пландарын иштеп чыгууну тапшырган.

Бул максатта министерство жана ведомстволор тараптан чоң иштер аткарылган. Тактап айтканда, бардык негизги программалык документтер кайрадан иштелип чыккан, сунушталган максат, милдеттер жаңы убакыт чектерин, ошондой эле баалоонун конкреттүү индикаторлорун эске алуу менен талданган.

Министрлердин, ведомство жетекчилеринин жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн бекитилген Иш-аракет, милдеттенме пландары расмий веб-сайтта, брошюра жана видеороликтер түрүндө (http://www.gov.kg/?page_id=3422) жайгаштырылган. Бардык материалдар ЖМК кеңири жайылтылып жана коомдук үн кошууну жараткан.

Маморган жетекчилеринин иш-пландары тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясынын алкагында ар-кыл ЖМК камтуу жана калк менен түз баарлашуу иретинде “Министр байланышта” акциясы ишке киргизилген. Бүгүнкү күнгө карата акцияга министрлик жана ведомстволордун 16 жетекчиси катышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында Өкмөттүн жыйынында пландардын аткарылышын жеке көзөмөлгө алган Премьер-министр вице-премьер-министрлер көзөмөлдөгөн тармактардагы Иш-аракет, милдеттенме пландардын аткарылышы боюнча кеңири отчетун укту. Пландардын аткарылышын талдоо жыйынтыгы боюнча бир катар маморган жетекчилерине карата катуу административдик чаралар кабыл алынган.

Жыйындын жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Иш-аракет пландардын аткарылышы боюнча кеңири отчет дайындап, 2015-жылга карата пландарды коомчулуктун кеңири катышуусунда иштеп чыгуу милдетин койду.

“Биз 2015-жылга карата актуалдуу реформалар күн тартибин уюштуруубуз керек. Ал жарандык коомчулуктун жана карапайым адамдардын талабына туура келиши шарт. Буга байланыштуу жарандык коом мүчөлөрүн министрлик жана ведомстволордун 2015-жылга карата пландарын иштеп чыгууга активдүү катышып, бизге өз сунуштарыңызды жөнөтүүнү суранабыз. Биз, өз кезегинде бардык сунуш-пикирлерди карап чыгып, андан соң, алардын келечекте ишке ашырылышы үчүн планга киргизебиз», — деди Өкмөт башчы.

Өз сунуш-пикирлериңизди 2014-жылдын 17-декабрына дейре төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүүнү өтүнөбүз: ps@mail.gov.kg

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү