27

Декабрь

2019

Өкмөт каза болгон чек арачы Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда каза болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берди. 


Буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  резервдик фонддон каза болгон аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө үй алуу үчүн 2 млн сом бөлүү чечимин чыгарган. 


Жер тилкелүү турак жай Баткен облусунун Исфана шаарында жайгашкан. Үйдүн жана жер тилкенин документтери каза болгон чек арачынын жубайына катталды.