15
Апрель
Бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Биринчи-вице-премьеринин катышуусу менен “Эмне үчүн сатып алуучу уюмдар , жөнөтүүчүлөр мамлекеттик сатып алуулар боюнча кайрадан түзүлгөн системасы менен иштеши керек” аттуу теманын бет ачаары болду.
Иш чараны ачып жатып Жоомарт Оторбаев 2012-жылдын башында мамлекеттик сатып алуулар системасы анализделип аны жакшыртуу боюнча иш-чаранын пландары аныкталганын маалымдады.”Биздин мамлекеттик сатууларды оптималдаштыруу боюнча суранычыбызга өнөктөштөр макул болушту. Биз азыркы замандын талаптарына жооп берүүчү заманбап системаны түзүүбүз керек эле”,- деди ал.
Биринчи Вице-премьер-министр мамлекеттик сатуулар системасы бир топ өзгөрүүгө дуушар болоорун белгиледи. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Өкмөттө макулдашуулардан өткөндөн кийин парламенттин кароосуна берилет. Мындан тышкары мамлекеттик сатып алууларды жакшыртуу багытында айрым нормативдик-укуктук актылар иштелип чыкты”,- деп белгиледи Жоомарт Оторбаев..
“Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу бардык маалыматтар ушул порталда болот. Жаңы өзгөрүлүүчү мыйзамдын алкагында мамлекеттик сатып алуулар тууралуу кулактандырууну порталга сөзсүз чыгарууну милдеттендиребиз жана ал мыйзам кабыл алынгандан кийин мыйзамдуу зарылчылык болот. Мамлекеттик сатып алууларга кеткен чыгымдарды кыскартуубуз керек. Ар бир жаран жер жүзүнүн ар түрдүү точкаларынан сайтка кирип толук маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Жаңы мыйзам боюнча сатып алуучу уюмдар буюртмаларын сайтка чыгарууга милдеттүү”,- деп кошумчалады.
Жоомарт Оторбаев ушул жылдын май айында эки министерство сыноочу (тестовый) электрондук соода өткөзүшөөрүн маалымдады. Ошондой эле ал электрондук соода өткөзүү процесси коррупциялык элементтердин кыскарышына түрткү берерине токтолду.
Андан соң катышуучуларга “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы сунушталды жана кайрадан жакшыртып жасалган портал тартууланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү