28

Январь

2015

Өкмөт «Центерра Голд Инк.» компаниясынын өкүлдөрү жана эл аралык консультанттар менен “Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кечээ, 27-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев министрлик жана ведомство жетекчилери, «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун, ошондой эле «Центерра Голд Инк.» өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык консультанттары, тактап айтканда, «DLAPiper» юридикалык компаниясынын, «PricewaterhouseCoopers» финансылык компаниясынын өкүлдөрү, ошондой эле «AMEC» компаниясынын экологиялык маселелер боюнча консультанты катышты. «Центерра Голд Инк.» компаниясын башкы юрист Франк Херберт, юрист Юзеф Рехман көрсөтүүдө. Ошондой эле жолугушууга «Sullivan&Cromwell» компаниясынан алардын юридикалык консультанты жана «Cormarksecuritiesinc.» компаниясынан финансылык консультанттары катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоону ишке ашыруу жөнүндө келишим долбоору боюнча пикир келишпестиктерди макулдашуу боюнча иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле келечектеги биргелешкен компанияны корпоративдик башкаруу, экологиялык маселелерди чечүү каралып, мындан тышкары биргелешкен ишкананын финансы-экономикалык негиздемеси такталууда. «Центерра Голд Инк.» компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр 29-январга дейре улантылат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү